"Чек арада болуп жаткан окуялар көзөмөлүмдө". Президент пикирин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатакка байланыштуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Анын билдирүүсү төмөндө:

"Урматтуу Кыргызстандыктар!

Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана саясатчыларга ишенбегиле", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД