Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 4:1эсебинде утуп алды

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Душанбе шаарындагы CAFA Women"s Futsal Championship эл аралык мелдешинин алкагында өткөн оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Мелдештин алкагында өткөн биринчи оюнда эки команда тең 1:1 эсебинде тең чыккан.

Эскерте кетсек, CAFA Women"s Futsal Championship эл аралык мелдеши 19-29-январда Тажикстанда өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД