Бишкекте "Манас" аэропортунун автобустары No100 каттам менен жүрөт

Борбор калаанын мэриясы маршруттук таксилердеги кырдаал жөнгө салынмайынча автобустарды ишке киргизди, деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маршруттук таксилердин линияга киришиндеги учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы төрт автобусту ишке киргизди. Унааны эл аралык "Манас" аэропорту камсыз кылат.

Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды 100 номурлуу автобус каттамы менен алып келишет.

Бишкекте "Манас" аэропортунун автобустары No100 каттам менен жүрөт

"Урматтуу жарандар! Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД