Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: 11 аскер кызматкери жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен 11 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төрт адам сынган бөлүкчөлөрдөн жараат алса, экөөнө ок тийген.

"Жаракат алгандардын абалдары орточо оор деп бааланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Ош облустук бириккен ооруканасынан нейрохирург, травматолог, хирург жана торакалдык хирургдардан турган медициналык адистердин эки бригадасы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД