
Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арага жакын жайгашкан айылдардан убактылуу көчүрүлүп чыккан жарандарга зарыл болгон буюмдар менен жетиштүү түрдө камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда кооптуу аймактан убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп чыгарылган жарандар 400дөн ашуун негизги керектелүүчү буюмдар менен (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) камсыз болууда.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 25 даана он орундуу, 3 даана отуз орундуу чатыр даярдалды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды кабыл алууда кошумча дагы даярдыктарды көрүүдө.
Эскерте кетсек, эвакуация жумуштарына 90 куткаруучу тартылып, Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлдү.