Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 27-январь күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажик Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде ТРнын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда, КРнын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган, ага каршы болгон ТРнын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы КРнын ИИМнин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына Тажик Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.

Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт боюнча Баткен РИИБнүн КБРне КРнын КЖКнын 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД