Сузакта унаа жолдон чыгып электр мамычаны сүзүп, 4 адам жабыркады

Сузакта жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылында Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып электр мамычаны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган 1 адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД