ЖК депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерден арыз кабыл алуу аяктады

БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу кечээ – 2022-жылы 27-январда саат 18.00дө аяктады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Жалпы иш" коомдук фонду талапкерлерден документтерди кабыл алуу процессине байкоо жүргүздү.

2022-жылдын 27-январынын саат 18.00нө карата БШКга 72 талапкерден документтер түштү, анын ичинен төмөнкү 26 талапкер катталды (документтерди кабыл алуунун акыркы күнү 12 талапкерден арыз түштү).

- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 12 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты;

- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 14 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

БШК "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн төмөнкү документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш экендигин эске салат:

- бекитилген формага ылайык өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтарды;

- паспортунун көчүрмөсүн;

- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

- бекитилген формага ылайык башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;

- жеке маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД