Футболчу Валерий Кичин "Даңк" медалы менен сыйланды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин "Даңк" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спортчуга сыйлыкты маданият министри Кайрат Иманалиев тапшырган.

Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге 2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн ыйгарылган.

Кыргызстандын футбол курамасы 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин тандоо оюндарына катышуу үчүн Японияга учуп кетти. Тандоо турунун алкагында Кыргызстан Япония, Мьянма жана Монголиянын курамалары менен оюн өткөрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД