
Нарын облусунун Кочкор районунда мектеп окуучулар арасында "Мектеп рэкетине каршыбыз" аталышындагы сүрөт көргөзмө өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору район аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана мектеп рэкетин алдын алуу жана болтурбоо максатында лексиялар окулуп, аңгемелешүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле мектеп окуучуларынына "Мектеп рэкетине каршыбыз" аталыштагы иш-чара уюштурулуп, анда атайын окуучулар тарткан сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, ар бир тарткан сүрөттөр боюнча сүрөт ээлери түшүндүрмө берип өтүштү.
Жыйынтыгында жакшы тартылган сүрөттөр үчүн Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери инспекциясынын атынан окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Мындан тышкары аталган бөлүм окуучулар менен тыгыз иш алып баруу максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп өткөрүү жагы пландалууда.