Чек ара: Жарыксыз калган айылдарга электр энергиясы берилди

Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган аба чубалгыларын калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Ошэлектро" ишканасы билдирди.

Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөөдө.

Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Терек, Көк-Таш,Таш-Тумшук, Ак-Татыр, Жаңы-Бак, Орто-Боз, Мазейиттин жери конушу айылдары толук түрдө жарык менен камсыздандырылды.

Белгилей кетсек, аталган айылдарды 35/10кВ "Самаркандек" көмөкчү чордонунан чыккан 10кВ "Ортобоз" аба чубалгысы электр энергиясы менен камсыздайт жана жалпы узундугу 48км аба чубалгысында 52 даана КТП жайгашкан, жалпы 1409 абонент электр энергиясын алат.

Мындан сырткары, учурда линияда жайгашкан трансформатордук подстанциялар да штаттык режимде иштөөсүн РЭТ кызматкерлери көзөмөлдөн өткөрүшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД