29-январда жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезнил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД