Сүрөт - Бээжин олимпиадасына бара турган спортчунун кийими көрсөтүлдү

Улуттук Олимпиада комитети Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиадада Кыргызстандын делегациясы кие турган форманы жарыялады.

Комплектиге оюндардын ачылышы жана жабылышы үчүн форма, машыгуу костюму, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, өтүк, кроссовка, рюкзак, колкап, баш кийим жана байпак кирет.

Спорттук форма Улуттук Олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык Tectop компаниясы тарабынан бекер берилген.

Улуттук Олимпиада комитети Tectop компаниясы менен 2018-жылдан бери кызматташып келет. Пекин кышкы Олимпиадасынын комплектиси 2021-жылдын жайында заказ кылынган.

Быйыл кышкы Олимпиада 4-20-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын атынан лыжачы Максим Гордеев катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД