Керим Турапов кызмат ордунан расмий бошотулду

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

"Керим Турапов өзү берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Анын арызы кечээ канааттандырылган. Азырынча жетекчилик орунга ким келери белгисиз", - дешти мекемеден.

Керим Турапов 24-январда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Эске салсак:

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. Комиссиянын корутундусуна ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.

1-июнь күнү 10дой артист иштен кетүү арызын жазышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД