Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Буга чейин Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, 5-майда иштен алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД