Чек ара: 24 миңден ашык адам эвакуацияланды (Сүрөт)

Өзгөчө кырдаал министрлиги 28-январь, саат 13:00гө карата Баткенде чек арадагы жагдайга байланыштуу коопсуз жайларга көчүрүлгөн элдин саны боюнча жаңы маалымат берди.

Жалпысынан 24 миң 237 адам эвакуацияланганы кабарланды.

Жаңжал болгон аймактан эвакуацияланган жарандар убактылуу баш калкалоочу жайларга жана туугандарына жайгаштырылат.

Саат 13:00гө карата Баткен облусунда абал туруктуу.

Убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлгөн жарандар тамак-аш жана башка керектүү нерселер менен камсыздалат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД