Баткен: Бүгүн чек арада кырдаал туруктуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 29-январы саат 10.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.

Кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД