
Баткен облусунда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда абал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө турат.
Азыркы тапта Жарандык коргонуу комиссиясы чек ара окуяларында зыянга учураган аймактарда келтирилген чыгымдарды эсептөөдө. Ал эми Рават айылына көчүрүлгөн жарандар өз үйлөрүнө кайтып жатышат. Баткен шаарында уюштурулган убактылуу жайгаштыруу жайларында турган жарандар ӨКМ тарабынан ысык тамак-аш, зарыл каражаттар менен камсыз болуп, медицина кызматкерлеринин кароосунан өтүп турушууда.