Казакстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан жумурткалар артка кайтарылды

Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз алып келе жаткан 200 куту жумуртка аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 200 куту тооктун жумурткасы "Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

"Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

"Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД