"Аэрофлот" июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту

"Аэрофлот" авиакомпаниясы июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту. Коронавируска каршы оперативдүү штаб уруксат бергендей, жумасына эки рейс гана аткарылып турмакчы. "Аэрофлоттун" расмий өкүлү Михаил Деминдин айтымында, каттамдар аткарылбай калса, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралбашы үчүн билет сатпоо чечими кабыл алынды. Мунун алдында орусиялык бир катар маалымат каражаттары чектөө 30-июнга чейин узартыларын жазышкан.

Түркия менен аба байланышка Коронавируска каршы оперативдүү штаб 15-апрелден 1-июнга чейин чектөө киргизген. Натыйжада Москва-Стамбул рейстери жумасына эки жолу гана учуп калган. Ага чейин 500 миң орусиялык билеттерге заказ бергени маалымдалган. Көбү сапарын башка күнгө которууга же саякаттан баш тартууга аргасыз болгон.

Айрым байкоочулар ал чечимдин саясий өңүтүнө көңүл бурушат. Эмне дегенде 10-апрелде Түркияга украин президенти Владимир Зеленский барып кеткен. Жолугушууда түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган Анкара Крымдын аннексиясын тааныбасын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД