
Белгилүү актер, РСФСРдин Эл артисти Леонид Куравлёв 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Орусиянын кинематографисттер союзунан билдиришкен.
Маалыматка караганда, ал пневмония болуп, 10-январдан бери Москвадагы Коммунаровка ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
COVID-19га карата анализдери таза чыккан. Анын көп жылдардан бери гипертониядан жабыркап келгени белгилүү.
22-январда Куравлёвду ооруканадан хосписке которушкан.