Ат-Башыда милициянын көчмө кабылдамасы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ат-Башы РИИБнүн көчмө кабылдамасы калкка кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагында жугуштуу оорунун алдын алуу, окуучулар арасында мектеп рэкетин болтурбоо максатында жер-жерлерде профилактикалык түшүндүрүү иштерди улантууда.

Мындан тышкары Бишкек-Торугарт жолунун жээгинде жайгашкан сарайдагы малчыларга мал жандыктарын кароосуз калтырбоо, кечкисин жарык берүүчү ленталарды тагуу боюнча эскертүү берилип, малдын катышуусу менен болуп жаткан жол кырсыктарын болтурбоо максатында айыл өкмөттөр менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ок атуучу куралдарды мыйзамдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрмө берилип, айыл аймактарда жашаган жашоочулардын кайрылуулары кабыл алынууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД