Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында 4 күмүш, 4 коло медаль алышты

Кыргызстандын курама командасы бокс боюнча 22 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионатында 8 медаль багындырышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-30-январь күндөрү Ташкент шаарында өтүп, Кыргызстандын куржунуна 4 күмүш, 4 коло топтолду.

Күмүш медалды Мирзохид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг) жеңсе, коло медалды Анвар Ходжиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Бакыт Токтосун уулу (86 кг) утту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД