Өткөн жумада Бишкекте мас абалында унаа башкарган 68 айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 6431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-январынан тартып, 27-январга чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 6431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Мас абалында авто унаа башкаруу - 68 айдоочу;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 16;

-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 39;

-Техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу- 86;

-Авто унааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 11;

-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 208;

-Башка жол эрежелерин бузуулар 6003;

351 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД