Футзалчы кыздар Борбор Азия чемпионатында коло медаль алышты

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде коло медалга ээ болду.

Дүйшөмбү шаарында 21-28-январь күндөрү футзал боюнча CAFA Women"s Championship турнири болуп, ага 4 команда катышты. Командалар ич ара эки раунд менен беттеш өткөрүштү .

6 турдун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 4 упайга ээ болду жана Тажикстандын курама командасы менен болгон оюндарда тең чыгуу менен аяктады.

Жыйынтыктоочу турда Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД