
Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын 1 млн 195 миң рубль өлчөмүндө эмгек акысы төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-январда Кыргызстандын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чара өткөрүлгөн.
Анын алкагында элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин көмөгү менен "Маник" ЖЧКсында иштеген 15 кыргыз жаранына өз убагында төлөнбөгөн 1 млн 195 миң рубль өлчөмүндө эмгек акысын төлөтүп берүү маселеси оң жагына чечилди.