Токаев январь коогалаңына эл аралык иликтөө жүргүзүүнү четке какты

Казакcтандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-январда жылдын башында орун алган кандуу кризис боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү чакырыгын четке какты.

"Менимче, Казакстанда эл аралык иликтөө жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок. Биздин өзүбүздүн чынчыл жана жөндөмдүү адамдарыбыз бар", - деди Токаев "Хабар-24" телеканалына берген маегинде.

Айта кетсек, Европарламент Казакстан элине каршы кылмыштарга эл аралык иликтөө жүргүзүү резолюциясын кабыл алган. Ал эми Токаев бул чакырыкты "бир тараптуу жана эртерээк" атап, "Бул мени тынчсыздандырбайт", - деп кошумчалап өткөн.

Айта кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Башаламандык учурунда Касым-Жомарт Токаев Назарбаевди жана анын дайындаган адамдарын кызматтан алган. Ошол эле учурда Казакстандын президенти өлкөсүнө 20 миң террорчу кол салганын айтып, күч түзүмдөрүнө эскертүүсүз атуу буйругун берип, аны менен катар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдөн аскердик жардам сураган.

Казакстандын мамлекеттик прокурору 450дөн ашуун адам камакка алынганын, алар террорго жана башаламандыктарга айыпталып, тергөө жүрүп жатканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД