"Түндүк электр" ишканасы карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрөт

Бүгүн, 31-январдан тарта "Түндүк электр" ААКсы 2 200 абоненттин жарыгын аралыктан өчүрө баштайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион 500 миң сомду түзөт. Эске салсак, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөй алышат.

Ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу режимде кабыл алат. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД