Кыргызстандын мушкерлери Азия чемпионатында 8 медаль алышты

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 22 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Азия чемпионатында 8 медаль алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменти билдирди.

Мелдеш 20-30-январь күндөрү Ташкент шаарында өттү. Кыргызстандын курамасы 4 күмүш, 4 коло медалга ээ болушту.

Күмүш медалды Мирзохид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг), коло медалды Анвар Ходжиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Бакыт Токтосун уулу (86 кг) алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД