COVID-19 жугузгандардын жалпы саны 374 миллионго жетти

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын жалпы саны 374 миллион адамга жетти. Бул тууралуу Worldometers.info сайты жарыялады.

Сайттын маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча жугузуп алгандардын жалпы саны 374 млн 79 миң 792ге жетип, 295 млн 451 миң 361 бейтап айыгып, 5 млн 678 миң 233 адам каза болгон.

Ооругандардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөр:

АКШ - 75 млн 481 миң 122;

Индия – 41 млн 92 миң 522;

Бразилия - 25 млн 247 миң 477.

Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус 205 адамдан аныкталып, соңку суткада илдеттен төрт кыргызстандык каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Ал эми илдеттен 2 миң 880 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД