"Мисс АКШ" сынагынын жеңүүчүсү Нью-Йорктогу имараттан секирип каза болду

"АКШ сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Чесли Крист Нью-Йорктогу 60 кабаттуу имараттан секирип каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 30-январь күнү эртең менен болгон. 30 жаштагы Чесли Кристтин сөөгү шаардын борборундагы 42-көчөдөн табылган.

Каза болоруна бир нече саат калганда Чесли социалдык тармактагы баракчасына сүрөтүн жүктөп "Бул күн сизге тынчтык жана бейпилдик алып келсин" деп жазган.

Крист өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө кат калтырып, мүлкүн апасына калтырарын билдирген. Билдирүүдө өзүн-өзү өлтүрүүнүн себеби көрсөтүлгөн эмес. Маркумдун үй-бүлөсү жана кесиптештери кыздын өлүмүн тастыкташкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД