Түрк элчилигинин алдындагы митинг аяктады

Орхан Инандынын жоголуусуна байланыштуу Бишкектеги Түркиянын элчилигинин алдында өтүп жаткан митинг аяктады.

Ага 150дөн ашуун адам катышып, колдоруна "билим бергендерге тийбегиле" деген плакаттарды көтөрүп алып чыгышты.

Митинг түшкө жуук жыйынтыкталып, учурда ал жерге чогулган адамдар толук тарап кетишти.

Белгилей кетсек, "Сапат" лицейинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түндөн бери дайынсыз болууда.

Аны табууга жардамдашууну өтүнүп, уулу милицияга арыз жазган.

Түрк тектүү Орхан Инанды кийин Кыргызстандын жарандыгын алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД