Чүйдө 11 жашар кызга сексуалдык аракет жасаган деп агасы шектелүүдө

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга 19-январда өспүрүм кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң эне жана чоң атасы менен бирге тураары белгилүү болгон.

Ал милиция кызматкерлерине эки жыл мурун агасы эгин талаада ага карата сексуалдык аракеттерди жасагандыгын айткан.

Агасынын аты-жөнү такталып, ал А.А. аттуу 35 жаштагы адам экени такталган. Сурак учурунда ал андай окуя болбогондугун билдирген.

Ошондой эле, аталган үйдө жашаган башка адамдар суракка алынып, алар дагы андай окуя болбогондугун билдиришкен.

Учурда кызга карата керектүү болгон бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД