Кочкордо "HOWO" жүк ташуучу унаасы оодарылып, эки адам жаракат алды

Кочкордо жол кырсыгынан эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде "HOWO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. 1981-жылы туулган Ү.Б. жана 2005-жылы туулган Б.Ж. аттуу эки эркек киши жабыркаган.

Жабыркагандар унаадан чыгарылып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД