Милиционерлер ызы-чуу салган жарандын үйүнө барып, баңги зат таап чыгышты

Милициянын кайгуул кызматкерлери баңгизат каражаттарын үйүндө өстүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматыныны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үй бүлөлүк чыр-чатак болуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1965-жылы туулган Б.К аттуу аял өзүнүн баласы жолдошу тарабынан сабалгандыгын жана жолдошу үйдө баңгизаттык каражаттар өңдүү чөптөрдү өстүрөөрүн кабарлаган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан текшерүү учурда М.Р. аттуу жолдошу 5 чакада баңгизат сымал каражаттарды өстүрүп жаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча М.Р. аттуу шектүү жаран Биринчи май райондук ИИБне андан ары чара көрүү үчүн жеткирилип, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД