Бишкекте аялын сабаган киши 7 суткага камалды

Аялын ур-тепкиге алган эркек киши Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан 7 суткага камалды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жоруктар жөнүндө кодексинин 70-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча Ленин райондук соту 30 жаштагы А.Д.ны күнөөлүү деп табуу чечимин кабыл алып, 7 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Ошондой эле жабырлануучу Э.М.ны Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы тарабынан коргоо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Бишкекте 30-январда саат 23:00дөр чамасында өтүп бара жаткандар Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу милицияга билдиришкен.

Аялы күйөөсү боюнча милицияга жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД