Мэрия: айдоочулар жол кире көтөрүлбөсө жумушка чыгышпасын айтышты

Маршруттук каттамдардын айдоочулары жол киренин баасы көтөрүлмөйүн ишке чыгышпайбыз деп жатат. Бул тууралуу Бул тууралуу шаар жетекчисинин транспорт маселелери боюнча орун басары Руслан Акылбеков маалымат жыйында билдирди.

"Мен бир аз мурун маршруттук каттамдардын айдоочулары менен жолуктум. Алар өзүбүз чечим кабыл алалы, тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун бекитип бергиле, болбосо ишке чыкпайбыз деп жатышат. Мен аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баары мыйзамдын негизинде чечилерин айттым. Бирок алар жол кирени кымбаттатуу боюнча токтом долбоорун мыйзамсыз эле бекитип бергиле деп талап кылышууда", - деди Акылбеков.

Вице-мэр азыркы тапта кырдаалды жөнгө салуу үчүн кошумча транспорттор тартылып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтуу менен жакын арада маселе чечилип каларын кошумчалады.

Мындан сырткары, ал айдоочуларга кайрылып, жөө адамдарды акысыз жеткирип турууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бардык маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштап автобус, троллейбустар гана каттап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД