Жапаровдун 100 күнү: 30 мыйзам долбоору демилгеленди

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Министрлер кабинети тарабынан 30 мыйзам долбоору демилгеленип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган 21 мыйзамдын 15ине президент кол койгон (8 мыйзам эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө).

Тез арада кабыл алууну талап кылган жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ болгон, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана президент кол койгон кодекстери жана мыйзамдары:

- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын Салык кодекси";

- "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жер кодекси, Токой кодекси, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө)".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД