Баетов: Мыйзамдын баары "паралич" болуп калган

Биз телефонду өчүрүп-күйгүзгөндөй эле учурда чоң "перезагрузка" кылып жатабыз. Ачык айтканда, укуктук система иштебей калган. Мындай пикирин юстиция министри Аяз Баетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Баетовдун айтымында, бүгүнкү күндө министрлик үч багытта иш алып барып жатат.

"Биз инвентаризация, аудит жана мыйзамдардын бюрократиясын жоюу боюнча иш алып баруудабыз. Кереги жок ар кандай миңдеген документти жокко чыгарып жатабыз. Жакында эле 3 миң документ жокко чыкты жана дагы 3 миң 600 документти жокко чыгарууга берип жатабыз. Мыйзамдарды жөн эле бюрократия кылып жазбагыла. Мыйзамдын баарын инструкцияга окшотуп жазып салган үчүн "паралич" болуп калган. Бир көйгөйдү чечүү керек деп айтсаң, бирөө мыйзам керек дейт, бирөө мыйзам жол бербейт дейт. Ушундай туура эмес практика бар", - деди Баетов.

Ошондой эле ал бардык министрликтерге мыйзамды жаңы жол менен жазуу үйрөтүлүп, жума сайын сабак өтүлүп жатканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД