Комитет Нургүл Бакированын отставкасын колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын арызы каралды.

Кызматтан кетүү арызын Нургүл Бакирова өзү жазып, аны Жогорку Кеңештин тармактык комитетине Судьялар кеңеши сунуштаган.

Жыйынтыгында комитет арызды колдоп берди.

Нургүл Бакирова кызматтан кетүү боюнча арызды 31-январда өз эрки менен жазган.

Ал Жогорку Соттун жетекчилигине 2018-жылдын 23-май дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД