Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет

Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Мэрия: маршруткадан көз каранды болбош үчүн шаарга 1500дөй автобус керек

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

Вице-мэрдин айтымында, муниципалитет азыркы тапта ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылып жатат.

"Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калат деп эч ким ойлогон эмес. Учурда шаардык кеңештин депутаттарынын азыркы курамын чогултууга аракет кылып жатабыз. Бирок кепилдик бере албайбыз, анткени биз жөн гана аткаруучу органбыз. Эгер азыркы түзүмдү чогулта албасак, анда шайлоо бүтөрү менен жаңы шайланган депутаттар биринчи кезекте дал ушул маселени карайт", - деди мэриянын өкүлү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД