Мамлекеттик салык кызматы быйыл январь айында 10,3 млрд 326,2 млн сом салык жыйнады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Бекитилген план 106,4 пайызга аткарылган, бул 620,1 млн сомго ашык чогулду дегенди түшүндүрөт.
2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770,2 млн сомго көп жыйналган, өсүү темпи 157,5 %ды түздү.