Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты. Чечим 2022-жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирет.

Банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк орто деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды, Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 3,9 пайызды түзгөн.

Экономикалык өсүш кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторлорунда байкалган, ал эми айыл чарбасында жана курулушта өндүрүштүн кыскарган.

2022-жылдын январь айында инфляция жылдык мааниде 11,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан бери баалар 0,9 пайызга өскөн.

Баа динамикасына негизги басым дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын өсүшүнүн уланып жатышы жана 2022-жылдын январында алкоголдук жана тамеки заттарына акциздердин жогорулашы түрткү болгон.

Үстүбүздөгү жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД