Таласта карга атам деп киши атып алган жаран кармалды

Таласта милиция мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу курал менен этиятсыздыктан атып алган жаранды кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 30-январь күнү саат 15:05 чамасында, Талас облустук оорукананын кабыл алуу бөлүмүнөн телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Анда, Талас районунун Көк-Кашат айылынын 1999-жылы туулган тургуну М.О. "Ок атуучу куралдан жаракат алган" диагноз менен түшкөнүн билдирген. Билдирүү Талас ШИИБнүн маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда жабырлануучу М.О. Талас шаарында таяжесинин үйүндө жашап жүргөндүгү аныкталган жана жабырлануучу эшигинин алдында катуу тарс деген үн чыккандан кийин эсин жоготуп кулап калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин ага " Ок атуучу куралдан сол далына жаракат алган "-деген диагнозу коюлуп, операция жасалып, дарыгерлер денесинен бир даана коргошун сымал затты алып чыгышып, ыкчам-тергөө тобуна өткөрүп беришкен.

Аталган фактыны иликтөө учурунда ОИИБнин кайгуул күзөт кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде окуянын чоо жайы аныкталган. Тактап айтканда, 1991-жылы туулган Адылбек аттуу жаран "ТОЗ 8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен карга аткандыгын айткан. Ошол жерден документтери жана уруксаты жок ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырып берген.

Аталган окуя этиятсыздыктан ден-соолукка оор зыян келтирүү фактысы менен текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми мындан тышкары ал жаранга карата КРнын КЖКнин 267-беренеси (ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөөдө сурак берүүдө. Аталган факты боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД