
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Курбанов Жаныш Абдухалилович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.