Жогорку Кеңеш комитети Бакирова менен Дүйшеевдин отставкасын колдоду

Бүгүн, 1-февралда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети депутат Медербек Алиевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан жыйынында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагаларын кызмат ордунан бошотуу маселесин карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, комитет Карыбек Дүйшеевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын жана Нургүл Бакированы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кызматынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамаларын жактырды.

Эскерте кетсек, К.Дүйшеев жана Н.Бакирова өз каалоосу менен кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арыздарын беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД