Тармактык комитет "Temirov Live" боюнча ИИМдин маалыматын укту

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кезектеги жыйынында "Temirov Live" редакциясынын журналисттеринин иши боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган маселе боюнча ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат берди.

Талкуу маалында комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзам бузуулар белгиленип жатканына токтолуп, баңги заты атайын "салынгандыгы" тууралуу Болот Темировдун билдирүүсүн жүйө келтирди.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев күнөөсүздүк жоромол принцибин сактоо зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тергөө жүрүшү видеотасмага тартылып, видеобайкоо камераларынын тасмалары алынганын белгилеп, баңги зат "салуу" фактысы далилденсе күнөөлүүлөр жазаланаарын кошумчалады. "Азыр видеоматериалдар иликтенүүдө", - деди министрдин орун басары.

Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине аталган ишти бей тарап, акыйкат иликтөөнү тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД