Ромашка гүлү менен бетиңизди жууп бырыштардан сактаныңыз

Ромашка гүлү менен эле бетиңизди жууп, бырыштардан сактанып, ошону менен катар агартып жана жылмакай кылып алсаңыз болот. Ал үчүн бар болгону ромашканы туура колдонуу гана керек.

Мисалы: 100 грамм ромашканы жарым литр ысык сууга салып, анын муздашын күтүңүз, кийин ал суу менен таң эрте бетти бир жолу чайкап туруу керек.

Ошол эле учурда ромашканы тоңдуруп колдонуу дагы абдан пайдалуу. Ромашка суусун төрт бурчтук кылып муздаткычка тоңдуруп, жуунгандан кийин тоңдурма менен бетиңизди жана мойнуңузду сүртүңүз. Мындай ыкма бырыштарды алдын алууга жардам берет.

Жатарда дагы бетиңизди ромашка суусу менен жууп турсаңыз абдан пайдалуу.

Болгону даяр суусундукка бир чай кашык одекалон кошуп коюшуңуз зарыл. Аны менен бетти сүртүп коюу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД