Улуттук госпиталь жаңы нейрохирургиялык жабдууларды алды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь постковиддик бейтаптарда бир катар нейрохирургиялык ооруларды операциялык дарылоо үчүн уникалдуу жабдууларды алды. Бул тууралуу КР ССМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы нейрохирургиялык жабдуу - эндоскопиялык тирөөч жабдыктары менен - Дүйнөлүк банк каржылаган "COVID-19 ыкчам жооп кайтаруу" долбоору тарабынан сатылып алынды.

"Коронавирус инфекциясына кабылып өткөн бейтаптар арасында неврологиялык оорулардын кескин өсүшү байкалууда", - деп белгиледи Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.

Анын жардамы менен баш мээге кошумча ретракциясыз, анын бөлүктөрүн кеспестен жана баш сөөктүн сөөк кемтигин кошумча кеңейтпестен жетишерлик көлөмдүү гематомаларды, кисталарды, шишиктерди, кан тамыр мальформацияларын жана баш мээнин аневризмин алып салуу мүмкүн болуп калды.

Жабдуунун артыкчылыгы операция учурунда эндоскопияны колдонуу менен баш сөөктү тешүү талап кылынбайт. Кирүү баш сөөктүн кичинекей тешиктери аркылуу ишке ашат, ал эми кээ бир операциялар мурун аркылуу кирүү менен да жасалат.

"Эндоскопиялык жабдуулар операция учурунда ткандардын жабыркоо коркунучун азайтат жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алат, ошону менен бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртат", - деп белгиленет билдирүүдө.

Жабдууларга толуктоо катары Улуттук госпиталь үчүн нейронавигациялык система алып келүү күтүлүүдө.

"COVID-19 ыкчам жооп кайтаруу" долбоору тиешелүү алдын алуу иш-чаралары, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн тобокелдиктерди азайтуу аркылуу КР Министрлер кабинетине пандемияга каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД