Чек ара чыры. Канча чыгым келтирилгени эсептелип чыкты

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча​ Баткен райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен Баткен районунун чек ара аймагында болгон куралдуу кагылышуудан келтирилген материалдык чыгым жалпы 2 миллион 912​ 060 сомго бааланды. ​Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки бастырма жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган. Малдын чыгашага учураган фактылары катталууда.

Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып кетишти. Эвакуациялангандардын арасында ооруканага жеткирилген оорулуулар да бар.

Эске салсак, 27-январь саат 18.15те Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан.

Учурда ​ Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД